Өкмөт «Куланак» ГЭСинин курулушуна 88 млн доллар насыя алууга кепилдик берди

Финансы-кредиттик фонд тарабынан «Куланак» ГЭСин куруу жана пайдалануу долбоору боюнча жалпы суммасы 88 млн долларга кепилдик келишимине кол коюлду. Бул тууралуу Финансы министрли кабарлады.

«Долбоор аймактык жана жалпы мамлекеттик масштабга ээ. «Куланак» ГЭСинин кубаттуулугу 100 МВт түзөт, жылына орточо 435 млн кВт / саат электр энергиясын иштеп чыгат жана объектти куруу учурунда 700дөн ашык жумуш орундары түзүлөт», - деп айтылат маалыматта.

Долбоордун жалпы наркы 127.9 млн долларды түзөт, анын ичинен 88 млн доллар Евразия өнүктүрүү банкы жана Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фонду тарабынан паритеттик негизде каржыланат.

Белгиленгендей, ГЭСти ишке киргизүү 2025-жылдын аягына пландаштырылууда. Бул долбоордун демилгечиси «Нарын «өндүрүштүк ишканасы» ЖЧК болуп саналат.