Кыргызстанда “Элкарттын” жана банк тиркемелеринин ишинде мүчүлүштүктөр байкалууда

Бүгүн, 15-августта Кыргызстанда банк тиркемелери жана бүтүндөй "Элкарт" улуттук төлөм системасы кээде иштебей калып жатканы байкалды. Банктар билдиргендей, буга КР Банктар аралык процессинг борбору (БПБ) тарабынан жүргүзүлгөн техникалык иштер себеп болгон.

БПБ жүргүзгөн техникалык иштер тууралуу банктар өз кардарларына бир күн мурда – 14-августта маалымдашкан. Бирок, 15-август күнү түшкө карата иш аягына чыккан эмес, анын натыйжасында Кыргызстандын банктарынын мобилдик тиркемелеринде жана  тейлеген бүтүндөй "Элкарт" төлөм системасынын иштешинде ири техникалык мүчүлүштүктөр болгон.

Тактап айтканда, бир катар банктардын тиркемелеринде "Элкарт" карталарында балансты көрсөтүү токтоп, айрым учурларда эл аралык төлөм системаларынын карталарында СМС билдирүүлөр иштебей, электрондук төлөмдөр өтпөй, кээ бир учурларда банкоматтан акча алуу мүмкүн эмес болуп калган. Бирок бул учурда балансты банкоматтан текшерип же банктын бөлүмүнөн сураса боло турганы маалымдалды.

Тактап айтканда, "Бай-Түшүм", Бакай Банк", "Азия Банк", "Дос-Кредобанк", "Керемет Банк", "Компаньон", "Кыргызстан", Кыргыз-Швейцар банкы, "Финка банк" жана KICB өз кардарларына Банктар аралык процессинг борбору жүргүзгөн системаны модернизациялоого байланыштуу жумуштагы кыйынчылыктар тууралуу эскертишти.