> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Микрокредиттерди алгандардын саны өстү — 46% керектөө муктаждыктарга алышты
- URL: https://im.kg/granttar-kreditter/2023/08/22/mikrokriedittierdi-alghandardyn-sany-ostu-zhana-en-kop-kieriektoo-maks/
- Published: 2023-08-22T04:48:46.000Z
- Updated: 2023-08-22T04:48:46.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: Гранттар жана кредиттер, #Import 2025-07-22 12:57

**Үстүбүздөгү жылдын I жарым жылдыгында 350 миңге жакын адам микрокредиттик уюмдардын кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланды, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 17% га көп. Мындай маалыматты Улутстатком берди.**

Маалыматка таянсак, алуучуларга 24 млрд сомго жакын суммада же 35.5%га көп микрокредиттер берилген.

****I жарым жылдыкта** ****калкка микрокредиттердин берилиши**

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/08/data-src-image-17f9fb71-c7d6-4b93-a50c-c4fb6cdedaf4.png)

**Микрокредиттерди алуучулардын басымдуу саны:**

- **Ош** (алуучулардын жалпы санынын 21%га жакын)
- **Жалал-Абад** (17%дан ашык)
- **Бишкек шаарына** (16%га жакын) туура келди.

Микрокредиттердин эң көп суммасы Бишкек ш. (берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 19%дан ашык), Ош (17%), Чүй жана Жалал-Абад облустарынын (15.8%дан) алуучуларына берилди.

Улутстатком 2023-жылдын I жарым жылдыгында берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн дээрлик 46%ы керектөөчүлүк муктаждыктарына берилгенин, 25%дан ашыгы — айыл чарбасындагы ишмердикти өнүктүрүүгө, 12%га жакыны — соода жана коомдук тамактануу чөйрөсүнө, 5%дан ашыгы — курулушка багытталганын билдирди.

****I жарым жылдыкта** ****калкка микрокредиттердин максаттар боюнча берилиши**  
*(микрокредиттердин жалпы көлөмүнө карата пайыз менен)*

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/08/data-src-image-163753ca-d9a5-4f1d-8d0c-a1290096f54d.png)