Микрокредиттерди алгандардын саны өстү — 46% керектөө муктаждыктарга алышты

Үстүбүздөгү жылдын I жарым жылдыгында 350 миңге жакын адам микрокредиттик уюмдардын кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланды, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 17% га көп. Мындай маалыматты Улутстатком берди.

Маалыматка таянсак, алуучуларга 24 млрд сомго жакын суммада же 35.5%га көп микрокредиттер берилген.

I жарым жылдыкта калкка микрокредиттердин берилиши

Микрокредиттерди алуучулардын басымдуу саны:

  • Ош (алуучулардын жалпы санынын 21%га жакын)
  • Жалал-Абад (17%дан ашык)
  • Бишкек шаарына (16%га жакын) туура келди.

Микрокредиттердин эң көп суммасы Бишкек ш. (берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 19%дан ашык), Ош (17%), Чүй жана Жалал-Абад облустарынын (15.8%дан) алуучуларына берилди.

Улутстатком 2023-жылдын I жарым жылдыгында берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн дээрлик 46%ы керектөөчүлүк муктаждыктарына берилгенин, 25%дан ашыгы — айыл чарбасындагы ишмердикти өнүктүрүүгө, 12%га жакыны — соода жана коомдук тамактануу чөйрөсүнө, 5%дан ашыгы — курулушка багытталганын билдирди.

I жарым жылдыкта калкка микрокредиттердин максаттар боюнча берилиши
(микрокредиттердин жалпы көлөмүнө карата пайыз менен)