Быйыл жарым жылда финансы уюмдарынын кирешеси 60 млрд сомду түздү – 32%га өстү

2023-жылдын январь-июнунда экономиканын финансы секторунун уюмдарынын кирешелеринин суммардык көлөмү 2022-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 32%га көбөйүү менен 61 млрд сомду түздү. Мындай маалыматты Улутстатком берди.

Улутстатком бул коммерциялык банктардын кирешелеринин өсүшү менен камсыз болгонун билдирди. Ошол эле кезде финансы секторунун уюмдарынын жалпы чыгымдары 37%га көбөйүп, 38 млрд сомго жакындаган.

2023-жылдын I жарым жылдыгында экономиканын финансы секторунда 640 уюм, анын ичинде Улуттук банк, 23 коммерциялык банк, 601 банктык эмес финансылык-кредиттик уюм жана 15 камсыздандыруу компаниясы ишин жүргүздү.

I жарым жылдыгында экономиканын финансы секторунун ишканаларынын ишмердүүлүгүнүн көрсөткүчтөрү
(млн. сом)

 

Кирешелер

Жалпы чыгымдар

Сальдолоштурулган
финансылык жыйынтык

2022

2023

2022

2023

2022

2023

Бардыгы

46 120,0

61 001,3

27 691,2

37 868,4

18 418,1

23 146,9

Банктар

40 433,2

53 047,3

23 524,0

32 187,9

16 899,7

20 872,6

Күрөөканалар

443,5

773,5

279,0

558,5

163,3

215,0

Кредиттик союздар

118,0

103,1

83,4

80,5

34,6

22,5

Микрокредиттик уюмдар

3 936,2

5 252,2

2 743,1

3 502,5

1 193,0

1 750,6

Камсыздандыруу уюмдар

1 164,5

1 800,9

1 040,6

1 523,4

123,9

277,5

Башка уюмдар

24,6

24,3

21,1

15,6

3,6

8,7

2023-жылдын I жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча ишканалардын 64.5%ы пайда алышты, ал эми 15.6%ы чыгаша тартышкан. Сальдолоштурулган финансылык жыйынтык 23.1 млрд сом пайда суммасында түзүлдү, бул 2022-жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу 4,7 млрд сомго көп.

Негизинен пайданын өсүшү коммерциялык банктар жана микрокредиттик уюмдар тарабынан камсыздалды.

2023-жылдын 1-июлуна карата банктардын жана банктык эмес финансылык-кредиттик уюмдардын ачык кредиттик портфелинин суммардык көлөмү 266 миллиарддан ашык сомду түздү.

Кредиттердин жалпы көлөмүнүн дээрлик 86%ы банк секторуна, банктык эмес финансылык-кредиттик уюмдарынын секторуна 14%ы туура келди. Кредиттөөнүн негизги багыттары соода чөйрөсү (жалпы көлөмүнүн 25.7%ы), керектөө муктаждыктары (21.7%ы), айыл чарба (18.8%ы), ипотека (10.4%ы), курулуш (5.6%ы) жана өнөр жай (5.2%ы) болуп саналды.