Ошто жаңы эс алуучу жайлардын курулушу башталды

Ош шаарында жаңы эс алуучу жайлардын курулушу башталды. Бул тууралуу шаардык мэриясы билдирди.

Долбоор боюнча борбордук аянтта жөө адамдар үчүн фонтандын курулушу жана Токтогул Сатылганов атындагы сейил бактагы жайкы театрды оңдоп-түзөө иштери башталды. Долбоорду толук аяктоо кийинки жылга болжолдонгон.  

Эске салсак, аталган курулуштар Ош шаарынын мэриясы жана АРИС уюму менен биргеликте шаар аймагынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында макулдашылган “Аймактарды экономикалык өнүктүрүү” беш долбоордун алкагында ишке ашууда.