Бишкектин Свердлов районунда ФАП курулат – инвесторду Шайлообек Атазов тарткан

Бишкектин Свердлов районуна караштуу Ак-Бата конушундагы фельдшердик-акушердик пунктун курулушу башталат. Бул тууралуу ЖКнин депутаты Шайлообек Атазов билдирди.

анын айтымында, мекеме заманбап шартта, бардык медициналык жабдыктар менен курулат. Курулуш 2 айдын ичинде тапшырылат. «Калктын саламаттыгы мамлекеттин башкы байлыгы, андыктан эч качан балдарыбыз оорубасын, бирок имарат элге кызмат кылсын.

ФАПтын курулушу менин  демилгем  жана ошондой эле Smart Generation коомдук фондунун колдоосунда курулуп жатат», - деп билдирди Атазов.