Финансы министрлиги аймактардагы мамлекеттен пайызсыз насыя алган ишкерлер менен жолугушуу өткөрдү

Финансы министринин тапшырмасы менен «Микро, чакан жана орто ишканаларды өзгөчө колдоо» долбоорунун алкагында Нарын жана Ысык-Көл облустарынын ишкерлери менен жеринде жолугушуулар өткөрүлдү. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Каржы министринин орун басары Руслан Татиков Кочкор районундагы жана Чолпон-Ата шаарындагы ишкерлердин бизнес объектилерин кыдырды. Долбоордун алкагында мамлекеттен түшкөн каражатты бизнесмендер кантип коротушканын көрсөтүштү. Долбоордун бенефициарлары менен жолугушуулардын максаты - Финансы министрлиги тарабынан ишкерлерге каржылык жардам көрсөтүүнүн натыйжаларына баа берүү, аны максаттуу пайдалануу жана пикир алуу.

Ишкерлер пайызсыз насыя алуу боюнча тажрыйбалары тууралуу айтып, сатып алынган жабдууларды көрсөтүп, ишмердүүлүгү менен тааныштырышты. Долбоордун бенефициарлары белгилегендей, мамлекет тарабынан кайтарылуучу каржылык жардам алардын бизнесин өнүктүрүүгө олуттуу салым кошуп, кирешесин натыйжалуу башкарууга жардам берди.

Өз кезегинде Руслан Татиков белгилегендей, чакан жана орто ишканаларды чукул колдоо долбоору бизнес чөйрөнү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган.

«Экономиканы көтөрүүчү жана мамлекетке экономикалык көрсөткүчтөрдү жакшыртууга жардам берген орто бизнес. Андыктан, ишкерлерди бизнесин өнүктүрүү үчүн мамлекеттен каржылык жардам алуу мүмкүнчүлүгүнө көңүл бурууга чакырабыз. Бул долбоор боюнча ишкерлерден пикир алуу биз үчүн маанилүү. Каржы министрлиги ар дайым бизнес чөйрөсү менен бардык маселелерди угуп, талкуулоого даяр. Бенефициарлар менен мындай жолугушуулар бардык аймактарда өткөрүлөт», - деп баса белгиледи КР Финансы министринин орун басары.

Сентябрь айынын башына карата долбоордун алкагында 7599 ишкер жана ишкана 4,76 (төрт бүтүн жүздөн жети алты) миллиард сомдон ашык суммага каржыланган. Белгилей кетсек, региондор боюнча акчалай жардам алуучулардын басымдуу бөлүгү Ош облусунда (1465 ишкер) жана жалпы алуучулардын жарымынан көбүн ишкер аялдар жана ишканаларды башкаруучу аялдар (4670) түзөт.

Долбоор КРнын бардык аймагында иштейт жана 2027-жылдын ортосуна чейин уланат.