Кыргызстан менен Корея Улуттук госпитал үчүн жаңы имаратын курууну талкуулашты

Финансы министринин орун басары Руслан Татиков Кореянын экспорттук-импорттук банкынын Орто Азия боюнча аймактык өкүлчүлүгүнүн башчысы Ю Жей Хён мырза менен жолугушту. Бул тууралуу аткаминер өзүнүн соцтармактарында билдирди.

Татиковдун айтымында, тараптар Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын ишин жакшыртуу боюнча долбоордун учурдагы абалын карап чыгышты.

«Улуттук госпитал үчүн жаңы имарат курууну жана аны 70 миллион долларга медициналык жабдуулар менен камсыз кылуу боюнча пландалган долбоорду талкууладык», - деп билдирди Татиков.