АРИСтин жардамы менен Ошто бир учурда төрт эс алуу жайынын курулушу жүрүп жатат

Ош шаарындагы А. Навои эс алуу жайы менен “Ферас” бассейнинин ортосундагы тилкеге жаңы эс алуу багынын курулушу башталды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов тиешелүү мекеме ишканалардын жетекчилери, Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосунун (АРИС) өкүлдөрү, куруучулар, жеке компаниялар менен биргеликте Бүткүл дүйнөлүк банктын каржылоосу менен Ош шаарында ишке ашырылып жаткан 4 долбоордун курулушу менен жеринде таанышты.

Калаа башчысы ар бир долбоор мөөнөтүндө бүткөрүлсүн деген талабын коюп, курулуштун сапаты жеке көзөмөлүндө боло тургандыгын белгиледи.

Айта кетсек, шаардын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча учурда 4 (төрт) долбоордун алкагында төмөнкү жумуштар аткарылууда:

• Борбордук аянтта оргума менен эс алуу жайын куруу;

• Т.Сатылганов атындагы эс алуу багындагы жайкы театрды толугу менен оңдоп-түзөө;

• Ак-Буура дарыясынын Тилеке Баатыр көчөсү тарабындагы (Нурматов көчөсүнөн баштап А.Навои көчөсүнө чейин) жээгин бекемдөө;

• А.Навои эс алуу жайынын бир бөлүгүнө атайын эс алуу жайын куруу (Ферас бассейнинен баштап А. Навои паркына чейин).

Аталган долбоорлор 2024-жылдын II-кварталдында толугу менен аягына чыгып, шаардыктарга пайдаланууга берүү каралган.

Эскерте кетсек, Бүткүл дүйнөлүк банк Ош шаарынын инфраструктурасына 6 млн АКШ долларын гранттык негизде долбоорду ишке ашырууга бөлүп берген.