> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Кыргызтелеком» Digital CASA долбоору боюнча кыскача отчетун берди
- URL: https://im.kg/granttar-kreditter/2023/09/21/kyrghyztieliekom-digital-casa-dolbooru-boiuncha-kyskacha-otchietun-bierdi/
- Published: 2023-09-21T04:31:16.000Z
- Updated: 2023-09-21T04:31:16.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Гранттар жана кредиттер, #Import 2025-07-22 12:57

**«Digital CASA» долбоорунун Кыргызстан боюнча була-оптикалык байланыш линияларын тартуу иш чаралар аякталды. Бул тууралуу «Кыргызтелеком» ААК билдирди.**

Такталгандай, Чүй облусунда 216 чакырымдан ашык, Ош облусунда 190 чакырым, Нарын облусунда 118 чакырым, Жалал-Абад облусунда 24 чакырым, Баткен облусунда 30 чакырым линиялар тартылган. Учурда була-оптикалык байланыш линияларынын узундугу 644 чакырымды түзөт.

Digital CASA негизги инфраструктуралык долбоор жана Кыргыз Республикасын санариптештирүүнүн маанилүү этабы болуп саналат. Кең тилкелүү интернетке 4 миңден ашык пунктту кошуу пландаштырылууда, ага ооруканалар, билим берүү мекемелери ж.б. кирет

«Кыргызтелеком» ААК учурда D-CASA долбоорунун биринчи этабынын жыйынтыгы боюнча өлкө боюнча 60 калктуу конуштагы 374 пунктту жогорку ылдамдыктагы интернетке туташтырды. Учурда экинчи этап боюнча иштер жүрүп жатат.

2024-жылдын аягына чейин жалпысынан 213 калктуу конушту жана 1424 социалдык объектилерди оптикалык булалуу интернетке туташтыруу пландалууда.

Digital-Casa долбоорун ишке ашыруу үчүн DWDM технологиясын колдонуу менен жалпысынан 30 магистралдык түйүндөр пландаштырылууда. Бул үчүн жабдуулар Кыргызстанга 2023-жылдын 8-сентябрында келген.

КНСти жана башка чыгымдарды (техникалык/автордук көзөмөл, транспорт, экспертиза ж.б.) кошкондо долбоордун жалпы чыгымдары 24 млн долларын түздү.