«Кыргызтелеком» Digital CASA долбоору боюнча кыскача отчетун берди

«Digital CASA» долбоорунун Кыргызстан боюнча була-оптикалык байланыш линияларын тартуу иш чаралар аякталды. Бул тууралуу «Кыргызтелеком» ААК билдирди.

Такталгандай, Чүй облусунда 216 чакырымдан ашык, Ош облусунда 190 чакырым, Нарын облусунда 118 чакырым, Жалал-Абад облусунда 24 чакырым, Баткен облусунда 30 чакырым линиялар тартылган. Учурда була-оптикалык байланыш линияларынын узундугу 644 чакырымды түзөт.

Digital CASA негизги инфраструктуралык долбоор жана Кыргыз Республикасын санариптештирүүнүн маанилүү этабы болуп саналат. Кең тилкелүү интернетке 4 миңден ашык пунктту кошуу пландаштырылууда, ага ооруканалар, билим берүү мекемелери ж.б. кирет

«Кыргызтелеком» ААК учурда D-CASA долбоорунун биринчи этабынын жыйынтыгы боюнча өлкө боюнча 60 калктуу конуштагы 374 пунктту жогорку ылдамдыктагы интернетке туташтырды. Учурда экинчи этап боюнча иштер жүрүп жатат.

2024-жылдын аягына чейин жалпысынан 213 калктуу конушту жана 1424 социалдык объектилерди оптикалык булалуу интернетке туташтыруу пландалууда.

Digital-Casa долбоорун ишке ашыруу үчүн DWDM технологиясын колдонуу менен жалпысынан 30 магистралдык түйүндөр пландаштырылууда. Бул үчүн жабдуулар Кыргызстанга 2023-жылдын 8-сентябрында келген.

КНСти жана башка чыгымдарды (техникалык/автордук көзөмөл, транспорт, экспертиза ж.б.) кошкондо долбоордун жалпы чыгымдары 24 млн долларын түздү.