GIZ Оштун “Тез жардам” борборун толугу менен санариптештирүүгө жардам берди

Ош шаардык медициналык “Тез жардам” борборунда санариптештирүү жана электрондук башкаруу тутумун ишке киргизүү боюнча иштер толугу менен аяктады. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Электрондук башкаруу тутуму диспетчерлердин тез жардам тобу менен өз ара байланыштарын бекемдеп, чакыруу жөнөтүлгөндө алардын жайгашкан жерин көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берип, медициналык жардам көрсөтүүнүн ылдамдыгын жана сапатын жогорулатат. Ошондой эле кадрлардын уюштуруу иштерин, маалыматтык көзөмөлдү жакшыртат.

Ага керектүү жабдууларды жана байланыш каражаттарын сатып алуу жана орнотуу менен катар медициналык кызматкерлер арасында санариптик сабатуулукту жогорулатуу максатында окутуулар жүргүзүлгөн.

Ош шаарынын мэриясы тарабынан «Керме-Тоо», «Манас-Ата» муниципалдык аймактарында ачылган “Тез жардам” борборунун көмөк чордондорунда дагы электрондук башкаруу тутуму толугу менен ишке киргизилген.

2024-жылдын аягына чейин «GIZ» медициналык кызматкерлерди окутууга, тиешелүү кеңештерди берүүгө жана электрондук тутумдун ишин жөнгө салууга колдоо көрсөтүүнү улантат.