Садыр Жапаров «Медтроник» ири медициналык компаниясынын жетекчилиги менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарында «Медтроник» медициналык компаниясынын жетекчилиги менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Тараптар тажрыйба алмашуу жана медицинада жогорку технологияларды ишке ашыруу жана жайылтуудагы мыкты тажрыйбаларды өткөрүп берүү тууралуу талкуулашты.

Кыргызстанда каза болгондордун 52% ы жүрөк-кан тамыр ооруларына туура келерин эске алуу менен, Садыр Жапаров мамлекеттин стратегиялык милдети - жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооругандарга жеткиликтүү жана сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүнүн натыйжалуу улуттук системасын түзүү экенин белгиледи.

Бул чаралар мындай оорулардын алдын алууга жана дарылоого, тиешелүү түрдө калк арасында өлүмгө учуроону азайтууга багытталууга тийиш. Буга байланыштуу Мамлекет башчысы кыргыз тараптын «Медтроник» компаниясы менен дал ушул багытта кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.

Кызматташтыктын алкагында жүрөк тамырларын стенттөөнүн баасын эселеп кыскартууга мүмкүн болоору белгиленген. Мисалы, азыр стенттөө үчүн бүт шаймандары (комплект) 2-2.5 миң АКШ долларын түзсө, «Медтроник» менен кызматташкан кезде өндүрүүчүнүн заводунан түздөн-түз баасын 400 АКШ долларына чейин түшүрүү мүмкүнчүлүгү пайда болот.