Россиядан гуманитардык жардам келди – азык-түлүктүн көлөмү 472.5 тоннаны түздү

Кыргызстандын түштүгүнө Россиядан кезектеги азык-түлүк жардамы келди. Бул тууралуу БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы билдирди.

Такталгандай, жардамдын көлөмү 472.5 тонна азык-түлүк. Анын ичинен 434.7 тонна байытылган ун жана, 37.8 тонна – өсүмдүк майы.

Гуманитардык жардам Ош шаарындагы БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын кампасына жеткирилди.