Кыргызстан Түрк инвестициялык фондун түзүүгө даяр

Министрлер кабинетинин чечими менен Түрк инвестициялык фондун түзүү жөнүндө макулдашууга корутунду бекитилди. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Маалыматка ылайык, макулдашуу Түрк тилдүү мамлекеттер уюмунун өлкөлөрү тарабынан уставдык капиталы 500 млн доллары болгон Түрк инвестициялык фондун түзүүнү карайт.

“Узак мөөнөттүү” финансылык ресурстарга суроо-талаптын жогорулашынын шарттарында Фонд ТМУ өлкөлөрүндөгү артыкчылыктуу бизнес долбоорлорду жеңилдетилген шарттарда каржылоо үчүн жакшы ресурстук базаны түзөт. ТМУ алкагында долбоорлорду ишке ашыруу соода-экономикалык мамилелерди чыңдайт жана ТМУга мүчө-өлкөлөрдүн ортосундагы экономикалык кызматташтыктын потенциалын жогорулатуу үчүн шарттарды түзөт. Фонддун иштеши Кыргызстанга TМУ өлкөлөрүнөн да жеке инвестициялардын агымын стимулдаштыруу үчүн мультипликативдик эффект берет.

Маалымат иретинде:

Түрк мамлекеттеринин уюму - бул Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия, Өзбекстан (мүчөлөр), ошондой эле Венгрия жана Түркмөнстанды (байкоочу мамлекеттер) бириктирип турган түрк мамлекеттеринин эл аралык кызматташуу уюму.