Сегиз миңге жакын ишкерге 5.1 млрд сомго пайызсыз насыя берилди

"Микро, чакан жана орто ишканаларды шашылыш колдоо" долбоорунун алкагында 2023-жылдын 1-октябрга карата 5 млрд 110 млн 806 миң 919 сомду түздү. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Такталгандай, насыяларды 7 миң 993 ишкер алган:

• 1-категория боюнча (1 млн сомго чейин) 6 миң 973 ишкерге 3 млрд 622 млн 125 миң 244 сом берилген;

• 2-категория боюнча (3 млн сомго чейин) 1020 ишкер насыя алган.

Жалпы сумма 1 млрд 488 млн 681 миң 675 сомду түзгөн

Долбоор 2027-жылдын июлуна чейин ишке ашырылат.