Ошто калдыктарды кайра иштетүүчү заводу курулушу мүмкүн

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев кореялык инвесторлор менен катуу тиричилик калдыктарын (КТК) кайра иштетүүчү заводдун курулушу боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Такталгандай, долбоордун максаты – Ош шаарында катуу тиричилик калдыктарын башкаруунун системалуу механизмин түзүү:

• таштандыларды жыйноодон, ташуудан баштап жана аларды утилдештирүү менен аяктаганга чейин башкаруу системасын комплекстүү өркүндөтүү;

• шаар уруксат берген таштанды полигонун рекультивациялоо жана жаңы полигонду куруу аркылуу экологиялык абалды жакшыртуу.

Ошол эле учурда долбоордо төмөнкү иш-чаралар каралган:

• жаңы санитардык полигонду куруу (анын ичинде кире турган жол);

• полигонду иштетүү үчүн жабдуулар жана механизмдер;

• ишкананын имараттарын модернизациялоо (курулуш иштери, жабдуулар жана эмеректер);

• таштанды контейнерлери менен камсыз кылуу;

• таштандыларды кабыл алуу пункттарын реабилитациялоо.