Суусамыр-Талас-Тараз автожолун реконструкциялоосуна 105.2 млн доллар бөлүнөт

Бүгүн, 11-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар мыйзам долбоорлору биринчи окууда каралып, колдоого алынды.

Алардын ичинде:

• «2023-жылдын 24-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы «Суусамыр – Талас – Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза, 104,6–197,6 км» долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө»;

• «2023-жылдын 12-майында Джидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фондунун ортосундагы “Суусамыр – Талас – Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза, 104,6-197,6 км” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө»;

• «2023-жылдын 12-майында Джидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Суусамыр – Талас – Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза, 104,6–197,6 км» долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Суусамыр – Талас – Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза, 104,6–197,6 км» долбоору боюнча техникалык гранттык жардам жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу».

Аталган мыйзам долбоорлору тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев маалымат берди. Ал белгилегендей, долбоор жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун тармагын өнүктүрүүгө, тактап айтканда Суусамыр-Талас-Тараз жолун жакшыртууга багытталган. Долбоордун жалпы баасы 105.2 млн долларын түзөт. Ислам өнүктүрүү банкы Араб координациялык тобунун курамында 25 жылдык мөөнөт менен, анын ичинде 7 жылдык жеңилдетилген тартипте 50 млн доллар өлчөмүндө кредиттик каражаттарды берет.