> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Чаткалдада 1.1 млн долларга эки кар көчкү станциясы ишке кирди
- URL: https://im.kg/granttar-kreditter/2023/10/13/chatkaldada-1-1-mln-dollargha-eki-kar-kochku-stantsiiasy-ishkie-kirdi/
- Published: 2023-10-13T05:05:24.000Z
- Updated: 2023-10-13T05:05:23.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Гранттар жана кредиттер, #Import 2025-07-22 12:57

**Чаткалда 1.1 млн долларга эки кар көчкү станциясы ишке кирди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгү билдирди.**

Маалыматка ылайык, станцияларды орнотуу “Кыргыз Республикасында тобокелдиктерди комплекстүү башкаруу жана Борбордук Азияда регионалдык кызматташуу боюнча потенциалды чыңдоо" долбоорунун алкагында Япониянын колдоосунда ишке ашырылды.

 Станциялар реалдуу убакыт режиминде так маалымат берип, калкты кар көчкү коркунучу тууралуу алдын ала кабардар кылып турат, бул калктын коопсуздугун жакшыртат.

Демилге Япония БУУӨП аркылуу Борбордук Азия аймагында климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча чараларды ишке ашырууга, анын ичинде Жалал-Абад жана Нарын облустарында кар көчкүнүн мониторингинин үч станциясын түзүүгө колдоо көрсөттү максатында ишке ашырылган. Анын жалпы суммасы 1,17 млн долларды түзөт.

Объекттерди ишке берүү аземине Жапониянын Кыргызстандагы элчиси Хидеки Года, БУУнын “Өнүктүрүү”программасынын Кыргызстандагы өкүлү Александра Соловьева, ӨКМдин жана жергиликтүү бийлик жетекчилери катышты.