Ысык-Атада АРИСтин жардамы менен ФАП курулут – баасы 5 млн сом

Ысык-Ата районунун Сын-Таш айыл аймагына караштуу Тельман айылында жаңы ФАПтын курулуш иштери башталды. Долбоордун баасы 4.9 млн сомдон ашты. Бул тууралуу райондук администрациясы билдирди.

ФАПтын пайдубалын тургузуу ишине райондун акими Алимазбек Осомнов ,райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы Эрнис Мамыркулов, айыл өкмөт башчысы Максат Джолдошев, айыл аксакалдары, жергиликтүү кеңештин депутаттары катышты.

Курулуш иштери АРИСтин кошумча каржылоосунун 3-айылдык инвестиция долбоору аркылуу ишке ашырылууда.