Сүт секторун колдоо долбоору аркылуу 3 млн долларга насыя берилди

Сүт секторун колдоо долбоору аркылуу 2 миң ишкер каржыланып 3 млн долларга насыя берилди. Бул тууралуу финансы министринин орун басары Руслан Татиков билдирди.

Анын айтымында, Финансы министрлиги сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу долбоорунун каржылоосун кеңейтип жана жаңы аймактарды камтууну пландаштырууда.

“Министрлер кабинетинин бул долбоору биздин фермерлерге уй сатып алып, сүт азык тармагынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга жардам берип келет. Бүгүнкү күндө долбоор 3 облуста – Нарын, Ысык-Көл, Таласта ишке ашырылууда”, - деп белгиледи Татиков.

Финансы министрлиги азыр Дүйнөлүк банк менен башка тармактарга да каржылоону кеңейтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Эми Финансы министрлиги мал чарбачылыгына гана эмес, багбанчылыкка да үстөксүз жана күрөөсүз насыя берет.