Ысык-Көлдө беш жылдыздуу мейманканын курулушу башталды

Ысык-Көлдө дагы бир 5 жылдыздуу мейманкананын курулушу башталды. Бул заман талабына ылайык, бардык мүмкүнчүлүктөрү бар, сейил багы менен мейманкана болот. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.

Анын айтымында, эми Кыргызстан мындан ары мыйзам үстөмдүк кылган, ар бир жаран тартипке баш ийген, туристтер жана инвесторлор үчүн эң коопсуз өлкөгө айланат.

Эске салсак, Кыргызстан менен Азербайжан беш жылдыздуу мейманканын курулушу тууралуу келишимге кол коюшкан. Инвесторлор долбоорду үч жылдын ичинде бүтүрүп, кызматкерлердин 70% жергиликтүү тургундардан түзүлөөрүн убадалашкан.