ЕРӨБ Базар-Коргондун суу түтүктөрүн оңдоосуна 8.5 млн евро берет

Финансы министрлиги Базар-Коргон шаарынын суу түтүктөрүн реабилитациялоо долбоору боюнча Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен сүйлөшүү жүргүздү. Бул тууралуу министрдин орун басары Руслан Татиков билдирди.

Долбоордун жардамы менен Базар-Коргондо жана ага чектеш Акман, Бешик-Жон конуштарында таза суу инфраструктурасы калыбына келтирилет жана модернизацияланат. Натыйжада калк таза суу менен камсыздалат.

Банк 8.5 млн евро өлчөмүндө каражат берүүгө ниеттенүүдө, анын жарымы грант түрүндө.