Бишкектин мэриясы Кореянын элчилиги менен меморандумга кол койду

Бишкектин мэриясы менен Кореянын элчилигинин ортосунда Достук паркын көрктөндүрүү жана техникалык жардам көрсөтүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу аземи өттү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Борбор калаанын мэри Кореянын элчилиги менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн, ошондой эле KOICA эл аралык кызматташтык боюнча Корея агенттиги менен өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Бишкек шаарынын мэриясына көрсөтүлгөн финансылык көмөк үчүн ыраазычылык билдирди.

Мындан тышкары, калаа башчысы мындан ары социалдык жана маданий-гуманитардык өнүктүрүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруудаэки тараптуу жемиштүү кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдирди. Ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясы мындан аркы эки тараптуу өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүдө корей тарап менен кызматташууга ачык экенин белгиледи.

Бул гранттык долбоордун максаты элчилик тарабынан муниципалитеттин муктаждыктары үчүн техникалык жабдууларды жана автомобилдерди акысыз негизде берүү аркылуу мэриянын административдик потенциалын жогорулатуу болуп саналат.