Бишкекте 45 кабаттуу имарат курулат – Садыр Жапаров мезгил кутусун салды

Президент Садыр Жапаров көп функциялуу Manas Tower 45 мейманкана комплексинин курулушуна мезгил кутусун салды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, курулушту 2.5-3 жылдын ичинде бүткөрүү пландалууда. Долбоор боюнча комплекс 45 кабаттуу имараттан туруп, анын ичинде беш жылдыздуу мейманкана, бизнес-борбор, жыйындар залы, ресторандар, гипермаркет, 20 миңден ашуун соода аянттары жана жер алдында 600 жеңил унаага ылайыкташкан автотоктотмосу болот.

Мамлекет башчысы мейманкана-комплекс заманбап дизайны менен айырмаланып шаарыбызга көрк берип, борборго келген меймандарга ыңгайлуу шарттары менен жайлуу бир имарат болот деген ишенимин билдирди.

Мейманкана өнүгүү жолундагы өзүнчө бир уникалдуу жана таанымал имараттарынын бири болот. Ошондой эле Садыр Жапаров мейманкананын тегерегинде дагы чоң-чоң имараттар курулуп, шаар элине жана конокторубузга дүйнөлүк деңгээлде кызмат көрсөткөн комплекстер, борборлор өсүп чыгарына толук ишенет.

Комплексте ошондой эле соода түйүндөрү жайгашып, калкты иш орундары менен камсыз кылат.