> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бакыт Төрөбаев Дүйнөлүк банктын өкүлү менен жолугушту
- URL: https://im.kg/granttar-kreditter/2023/11/16/bakyt-torobaiev-duinoluk-banktyn-okulu-mienien-zholughushtu/
- Published: 2023-11-16T04:30:08.000Z
- Updated: 2023-11-16T04:30:07.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Гранттар жана кредиттер, #Import 2025-07-22 12:57

**Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбордук Азия региону боюнча энергетикалык тармак тобунун башчысы Стефани Гил менен жолугушту. Бул тууралуу минкаб билдирди.**

Жолугушуунун жүрүшүндө Дүйнөлүк банктын командасы 2024-2028-жылдарга КР менен жаңы Өнөктөштүк Стратегиясы тууралуу маалымат берди, анын негизги багыттары катары энергетика, ичүүчү суу, айыл чарба жана башкалар саналат.

Дүйнөлүк банк Камбар-Ата – 1 ГЭСинин курулушуна каржылык колдоо көрсөтүүгө кызыкдар экенин ырастады.

Ошону менен бирге Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү өздөрүнүн ролун бир гана финансылык катышуу менен чектебестен, башка потенциалдуу инвесторлорду тартууда биргелешип уюштуруучу тарап катары карай турганын белгилешти.

Мындан тышкары, Дүйнөлүк банк ичүүчү суу менен камсыз кылуу жаатында пилоттук алкактык долбоорду иштеп чыгуу жөнүндө маалымат берди, анын болжолдуу суммасы 400 млн долларын түзөт, ал эми 100 млн доллары Дүйнөлүк банк тарабынан бөлүнөт.

Өз кезегинде минкаб төрагасынын орун басары Дүйнөлүк банкка кызматташуусу үчүн ыраазычылык билдирип, анын республиканын калкынын жашоо сапатын жакшыртууга жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууга багытталган ири долбоорлорду жана программаларды ишке киргизүүдөгү маанилүү ролун белгиледи.