> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Камбар-Ата – 1 ГЭСинде куруунун кийинки этабына өтүү үчүн жардыруу жүргүзүлдү
- URL: https://im.kg/granttar-kreditter/2023/11/16/kambar-ata-1-gesindie-kuruunun-kiiinki-etabyna-otuu-uchun-zhardyruu-zhurghuzuldu/
- Published: 2023-11-16T05:15:06.000Z
- Updated: 2023-11-16T05:15:05.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Гранттар жана кредиттер, #Import 2025-07-22 12:57

**Камбар-Ата – 1 ГЭСинин негизги объектилерине баруучу жолду кеңейтүү боюнча жардыруу иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу минкаб билдирди.**

Жардыруу иштеринин жүрүшүндө Бакыт Төрөбаев белгилегендей, Министрлер кабинети тарабынан кабыл алынган иш-чаралар планына ылайык, 352 739 метр куб аянтта казуу жана куруу-монтаждоо иштери, 1056 метр куб бетонду төшөө, 2500 метр узундуктагы электр линиясын тартуу, бургулоо жана жардыруу жумуштары жүргүзүлгөн.

Белгилей кетсек, бүгүн Камбар-Ата – 1 ГЭСинин негизги объектилерине жана участкаларына баруучу жолду кеңейтүү үчүн жардыруу иштери пландаштырылган.

Белгилей кетсек, аталган иш-чараларды ишке ашырууга республикалык бюджеттен 1 млрд 555 млн сом бөлүнгөн.