Камбар-Ата – 1 ГЭСинде куруунун кийинки этабына өтүү үчүн жардыруу жүргүзүлдү

Камбар-Ата – 1 ГЭСинин негизги объектилерине баруучу жолду кеңейтүү боюнча жардыруу иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Жардыруу иштеринин жүрүшүндө Бакыт Төрөбаев белгилегендей, Министрлер кабинети тарабынан кабыл алынган иш-чаралар планына ылайык, 352 739 метр куб аянтта казуу жана куруу-монтаждоо иштери, 1056 метр куб бетонду төшөө, 2500 метр узундуктагы электр линиясын тартуу, бургулоо жана жардыруу жумуштары жүргүзүлгөн.

Белгилей кетсек, бүгүн Камбар-Ата – 1 ГЭСинин негизги объектилерине жана участкаларына баруучу жолду кеңейтүү үчүн жардыруу иштери пландаштырылган.

Белгилей кетсек, аталган иш-чараларды ишке ашырууга республикалык бюджеттен 1 млрд 555 млн сом бөлүнгөн.