Кыргызстанда 458 жаңы тамчылатып сугаруу системасы орнотулду

2023-жылдын 1-ноябрына карата республика боюнча 458 жаңы тамчылатып сугаруу системасы орнотулуп 8096,2 га жер аянтына көбөйгөн. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Такталгандай, 1-ноябрга карата жалпы тамчылатып сугаруу системасын орноткон жана иштеп аткан чарбакер субъектилердин саны республика боюнча 1 004 түздү, жалпы жер аянты 13.2 миң га жерге жетти. Облустар боюнча алып караганда Чүй облусу боюнча 141 субъект, Ысык-Көл – 195, Нарын-38, Талас-11, Ош – 131, Баткен – 148 болсо, Жалал-Абад облусу боюнча 340 субъект.

Облустар боюнча алып караганда Чүй облусу боюнча 9 460 га, Ысык-Көл – 1 678 га, Нарын – 142 га, Талас – 25 га, Ош – 452 га, Баткен – 566 га болсо, Жалал-Абад облусу боюнча 870 га жерге тамчылатып сугаруу системалары коюлган.

Тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу системасын өнүктүрүү максатында министрлик жана мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлүп, жыл сайын “Айыл чарбасын каржылоо”, “Агроөнөр жай комплексин каржылоо”, “Гослизинг”, ошондой эле ЕАӨБ мамлекеттик лизингдик долбоорлору аркылуу жеңилдетилген насыялар 2011-жылдан бери “Айыл Банк” ААК-му аркылуу берилүүдө.