“Альянс Алтын” Таластын орто мектептеринин мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу курстарын каржылады

Талас облусундагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн төрт мектебинен мугалимдер Бишкектеги “Креатив-Таалим” билим берүү комплексинде 3 күндүк квалификацияны жогорулатуу боюнча курстарды өтүп, акырында сертификаттарды алышты. Бул тууралуу Жерүй кенин иштеткен “Альянс Алтын” компаниясынын маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, “Креатив-Таалим” билим берүү комплексинде уюштурулган окууларга республиканын бардык аймактарынан жыл сайын ондогон мугалимдер келип окуу процессиндеги жаңы ыкмаларды үйрөнүп, тажырыйбалуу адистерден билим алып кетет.

Автордук курс мугалимдерге тез өзгөрүп жаткан дүйнөдө багыт алууга, окуу процессинде жаңы технологияларды активдүү колдонууга жана азыркы окуучулардын психологиясын эске алуу менен сабактарды өтүүгө үйрөтөт.

Эскерте кетсек компания ушул жылдын жылдын март айында да, мугалимдерге квалификациясын жогорулатууга каржылык жактан колдоо көрсөткөн.