Депутаттар төрт шаарда таза суу менен камсыздоо багытындагы гранттык макулдашууну колдоду

Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети “2023-жылдын 16-майында Самарканд шаарында кол коюлган КР менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик макулдашууну колдоду. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, “КРнын суу секторунун туруктуулугун жогорулатуу программасы – Кадамжай, Таш-Көмүр, Көк-Жаңгак жана Айдаркен шаарларынын чакан долбоорлору” долбоору каралды. 

“КРнын суу секторунун туруктуулугун жогорулатуу программасы Кадамжай, Таш-Көмүр, Кок-Жангак жана Айдаркен шаарларынын чакан долбоорлору" долбоорун ишке ашыруу үчүн финансылык каражаттар Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы жана ЕРӨБнын Акционерлердин атайын фонду (ААФ) тарабынан берилет.

Долбоордун алкагында жалпы каржылоо 18.6 млн евро, ар бир шаар үчүн 4.6 млн евро каралган, анын ичинен:

·      ЕРӨБ кредити – 8 млн евро;

·      ЕРӨБнын Акционерлердин атайын фондунун – 8 млн евро гранттык каражат;

·      2.65 млн евро – техникалык кызматташтыктын гранттык каражаттары.