Ысык-Көлдө өлкөнүн тоок фабрикасы курулат

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында өндүрүш тармагына байланышкан бир катар маанилүү иштерге катышты.  Бул тууралуу минкаб билдирди. 

Фабриканын өндүрүш кубаттуулугун жогорулатуу жана фабриканы кеңейтүү максатында Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду менен “Агро Куш” ЖЧКнын ортосунда 1.3 млн долларды түзгөн келишимге кол коюлду. Бул долбоор ишке ашса, жылына 20 миң тонна тоок эти өндүрүлүп, кошумча 110 жумуш оруну түзүлөт. Жаңы канаттуулар фабрикасын курууга мамлекет тарабынан 38 гектар жер 49 жылга берилди.

Мамлекеттик колдоо катары 49 жылга 64 гектар жер пайдаланууга берилди.

Бакыт Төрөбаев, өлкө калкынын 60 пайызы айыл жеринде жашагандыктан, өлкөнүн айыл чарбасын өнүктүрүү мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин айтты. Ошол себептүү, 2022-2023-жылдары мамлекет тарабынан айыл чарбасын, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү максатында 43 млрд сом бөлгөнүн кошумчалады.