> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте кагаз буюмдарын чыгаруучу өндүрүштүк ишканасы ачылды
- URL: https://im.kg/granttar-kreditter/2023/12/07/bishkiektie-kaghaz-buiumdaryn-chygharuuchu-ondurushtuk-ishkanasy-achyldy/
- Published: 2023-12-07T10:45:05.000Z
- Updated: 2023-12-07T10:45:04.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Гранттар жана кредиттер, #Import 2025-07-22 12:57

**Бишкекте “ИФА” ЖЧКнын санитардык-гигиеналык кагаз буюмдарын чыгаруучу жаңы өндүрүштүк ишканасы ачылды. Бул тууралуу минкаб билдирди.**

Минкаб төрагасы Акылбек Жапаров акыркы 5 жылда кагаздан жасалган буюмдарды Кыргызстанга импорттоонун көлөмү өскөнүн, үстүбүздөгү жылдын 9 айында эле 3.4 млн долларга 3.9 миң тонна санитардык-гигиеналык багыттагы кагаз продукциясы ташылып келингенин билдирди.

“Биз мындай экологиялык жактан таза жана жогорку суроо-талапка ээ продукцияларды чыгаруучу ишканаларды ачуу менен кагаз буюмдарына болгон импорттук көз карандылыктын деңгээлин төмөндөтүү мүмкүнчүлүгүн көрүп жатабыз”, - деди Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, санитардык-гигиеналык кагаз буюмдарын чыгарган заводду ачууга Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду менен “ИФА” ЖЧК ортосунда 3.2 млн долларга келишим түзүлгөн. Ишкана суткасына 25 тонна продукция өндүрөт, мында 125 адам жумуш менен камсыз болгон.