Бишкекте кагаз буюмдарын чыгаруучу өндүрүштүк ишканасы ачылды

Бишкекте “ИФА” ЖЧКнын санитардык-гигиеналык кагаз буюмдарын чыгаруучу жаңы өндүрүштүк ишканасы ачылды. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Минкаб төрагасы Акылбек Жапаров акыркы 5 жылда кагаздан жасалган буюмдарды Кыргызстанга импорттоонун көлөмү өскөнүн, үстүбүздөгү жылдын 9 айында эле 3.4 млн долларга 3.9 миң тонна санитардык-гигиеналык багыттагы кагаз продукциясы ташылып келингенин билдирди.

“Биз мындай экологиялык жактан таза жана жогорку суроо-талапка ээ продукцияларды чыгаруучу ишканаларды ачуу менен кагаз буюмдарына болгон импорттук көз карандылыктын деңгээлин төмөндөтүү мүмкүнчүлүгүн көрүп жатабыз”, - деди Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, санитардык-гигиеналык кагаз буюмдарын чыгарган заводду ачууга Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду менен “ИФА” ЖЧК ортосунда 3.2 млн долларга келишим түзүлгөн. Ишкана суткасына 25 тонна продукция өндүрөт, мында 125 адам жумуш менен камсыз болгон.