РКӨФ Чүй облусунда Мөмө-жемиштерди тоңдуруу заводдун ачылышына 4 млн доллар берди

Чүй облусунун Москва районунда “Кыргызпродуктборбору” ЖЧКнын соода-логистикалык борборунун базасында мөмө-жемиштерди тоңдуруу заводу ачылды. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Минкаб төрагасы жаңы Мөмө-жемиштерди тоңдуруу заводунун ачылышын колдоо максатында Кыргыз-орус өнүктүрү фонду 4 млн доллар бөлгөнүн билдирди.

“Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду түзүлгөндөн берки 9 жылдын ичинде ири инфраструктуралык долбоорлорду каржылоонун аркасында өлкөбүздүн экономикасын модернизациялоонун жана өнүктүрүүнүн катализаторлорунун бири болуп калганын белгилей кетүү керек. Жалпысынан бул фонд тарабынан суммасы 589 млн 889 миң долларлык 3368 долбоор каржыланган. Каржыланган долбоорлордун жалпы санынын 56% айыл чарба тармагына туура келет”, - деди ал.

Акылбек Жапаров ошондой эле, өлкө калкынын 65%зы элет жеринде жашаарын, ошол себептүү айыл чарба тармагын каржылоо жогорулаганын билдирди.