> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Чүй облусунда терезе чыгаруучу заводдун курулушу башталды
- URL: https://im.kg/granttar-kreditter/2023/12/08/chui-oblusunda-tieriezie-chygharuuchu-zavoddun-kurulushu-bashtaldy/
- Published: 2023-12-08T04:10:18.000Z
- Updated: 2023-12-08T04:10:18.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Гранттар жана кредиттер, #Import 2025-07-22 12:57

Чүй облусунда “Гласслэнд компани” ЖЧКнын терезе чыгаруучу заводунун курулушу башталды.

Өз сөзүндө Минкаб төрагасы Акылбек Жапаров, Кыргызстанда бизнес жүргүзүү үчүн мамлекет жагымдуу экономикалык шарттарды түзүп жатканын билдирди.

> “Акыркы үч жылдын ичинде фонддор жана банктар аркылуу миңден ашуун завод, фабрика, ишканага ири суммадагы каржылоолорду жүргүздүк. Бул ишкерлерге жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты. Мен заводдун бардык кагаздары менен таанышып чыктым. Импортту алмаштыруучу жана экспортко багытталган өндүрүштү сөзсүз колдошубуз керек. Бул макроэкономикалык көрсөткүчтөргө, бюджеттин кирешелерине оң таасирин тийгизет”, - деди Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду Терезе чыгаруучу жаңы заводун куруу үчүн “Гласслэнд компани” ЖЧКга 5.3 млн доллар каржылык колдоо көрсөтүп, келишимге кол коюлду. Завод толук кандуу иштеп баштагандан тартып 300 адам жумуш менен камсыз болоору айтылды.