Саламаттык сактоо тармагына 107 даана автотранспорту тапшырылды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров саламаттык сактоо тармагына 107 даана автотранспортту тапшырды.

Такталгандай, Россиянын жардамы менен 47 даана тез жардам унаасы, 35 даана седан класстагы санитардык транспорт, 19 даана минивен класстагы санитардык транспорт, 4 даана  каза болгондордун сөөгүн ташуу үчүн адистештирилген транспорт жана жалпы суммасы 3 млн долларга 2 даана дезинфекциялоочу машина алынды.