Кыргызстанда аба сапатын жакшыртуусуна 50 млн доллар берилет

Финансы министри Алмаз Бакетаев “Бишкек шаарынын абасынын сапатын жакшыртуу: негизги факторлорду түшүнүү жана жоюу; Кызыкдар тараптардын чогулушу жана отчеттун бет ачары» презентациясына катышты. Бул тууралуу министрлик билдирди.

Иш-чарада финансы министри, Дүйнөлүк банктын командасы менен биргеликте Кыргызстанда алгачкы жолу абанын сапатын жакшыртуу боюнча долбоорун иштеп чыккандыгын жана бул өз кезегинде абанын сапатын башкаруунун комплекстүү системасын түзүүгө жардам берерин билдирди.

«Абанын сапатын жакшыртуу максатында «Газдаштырууну жеңилдетилген каржылоо» программасы калкка жеңилдетилген кредиттерди Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу иштерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү аркылуу каржыланат. 2023-жылга коммерциялык банктардын пайыздык чендерин субсидиялоого 72.6 миллион сом каралган. Ошондой эле, 2024-жылга да ушундай эле сумма каралган. Мындан тышкары, министрлер кабинетинин 2023-жылдын 29-апрелиндеги N211-р буйругу менен экологиялык автобустарды сатып алууга республикалык бюджеттен 4.5 млрд сому бөлүнгөн», - деп маалымдады Бакетаев.

Белгилей кетсек, долбоор абанын сапатына мониторинг жүргүзүү, талдоо, болжолдоо жана маалыматтарды башкаруу менен байланышкан инфраструктураны модернизациялоо аркылуу абанын сапатын башкаруунун комплекстүү системасын түзүүгө, ошондой эле турак жайларды таза жана энергияны үнөмдүү жылытуу технологияларына өтүүгө жана максаттуу аймактарда жашылдандыруу программасын колдоого көмөктөшөт.

Иш-чаранын алкагында минкаб менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда «КРдагы абанын сапатын жакшыртуу» долбоору боюнча 50 млн доллары өлчөмүндөгү кредиттик макулдашууга кол коюлду.