АКШ Кыргызстанга дээрлик 1.8 млн жаңы балдар китептерин белекке берди

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) «Окуу керемет!» долбоору аркылуу дээрлик 1,8 миллион балдар китептерин алышты. Бишкек шаардык №21 орто мектепте өткөн расмий тапшыруу аземине Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев жана USAID миссиясынын директору Кая Адамс катышты. Иш-чара белгилүү кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун бүгүнкү туулган күнүнө жана анын 95 жылдык юбилейине арналат. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Бул китептер 2020-жылдан бери ар кандай жанрдагы 1500гө жакын жаңы аталыштагы балдар китептерин жараткан 60 жергиликтүү автор менен 30 иллюстратордун биргелешкен эмгегинин жемиши. Алар үй-бүлө жана достук, урмат-сый, көп түрдүүлүк жана чыгармачылык сыяктуу баалуулуктарды жайылтат. Жергиликтүү төрт тилде жазылган китептердин электрондук нускалары, анын ичинде жаңдоо тилине которулган 40 китеп Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин сайтында жана эл аралык Bloom санарип китепканасында жеткиликтүү.

“Окуу үчүн бекем пайдубалды түзүү менен, биз ар бир баланын жаркын келечегин камсыздай алабыз жана бирге күчтүү мамлекет курууга салымыбызды кошобуз”, - деди USAID миссиясынын директору Кая Адамс.

 “Бул китептер жергиликтүү авторлор жана иллюстраторлор тарабынан балдардын жаш курагын жана башка өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен иштелип чыккан. Мындай китептердин балдарга өз эне тилинде, өзгөчө кыргыз тилинде жеткиликтүүлүгү бизди кубандырбай койбойт,” - деп Билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев белгилеп кетти.

USAIDдин «Окуу керемет!» долбоору 450 000ден ашуун башталгыч класстын окуучуларынын окуу жана математика боюнча жетишкендиктерин жогорулатууга багытталган. Долбоор КР Билим берүү жана илим министрлиги менен кызматташтыкта ишке ашырылат жана өлкөнүн мектептеринин 75% камтыйт.