Баткендин ишкерлерине 276.5 млн сомго жеңилдетилген насыя берилди

Баткендин ишкерлерине 276.5 млн сомго жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Бул долбоорду ишке ашырууга республиканын 2 коммерциялык банкы катышууда. Аларды кредиттөөнүн көлөмү 350 млн сомду түзүүдө.

2023-жылдын 23-ноябрына карата долбоордун алкагында Баткен облусунун 315 ишкердик субъекттерине 276.5 млн сом суммасында жеңилдетилген насыя берилди.