KOICA Жогорку Кеңештин ишин санариптештирүүгө 8.4 млн доллар берет

Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси Алайбек Алымбаев Ли Джонгсу баштаган Корея эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу ЖКнын маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, үстүбүздөгү жылдын февраль айында ЖКнын төрагасы Нурланбек Шакиевдин Корея Республикасына жасаган иш сапарынын алкагында кыргыз парламенти менен KOICA ортосунда Жогорку Кеңештин ишин санариптештирүүгө багытталган 8 млн 400 миң долларлык келишимге кол коюлган. Ага ылайык, 4 жылга белгиленген долбоор иштелип чыгып, мыйзам чыгаруу органынын иши заманбап техникалар менен жабдылат.

Андан тышкары, Жогорку Кеңеш KOICA менен жетишилген келишимдин өз убагында аткарылышына кызыкдар экендигин белгилеген Алайбек Алымбаев өнөктөштөрдү жана Аппарат кызматкерлерин жигердүү иштөөгө чакырды.

Муну менен катар долбоорду ишке ашырууда Жогорку Кеңештин регламентинин жана “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү” конституциялык мыйзамдын талаптарын эске алуу керектигине токтолду.

Ошондой эле жолугушууда долбоорду ишке ашыруучу топтун жетекчиси Юн Квон аткарылчу иштердин планын тааныштырып, жасала турган жумуштар туууралуу кеңири маалымат берди.