АРИС Оштун ҮМБнун 8-филиалын оңдоп-түзөө иштерин каржылады
Ош шаардык үй-бүлөлүк медицина борборунун 8-филиалы көп жылдан бери жалпы оңдоп-түзөөдөн өтө элек болчу. АРИС долбоору аркылуу жалпы оңдоп-түзөөдөн өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Аткарылган жумуштар менен 23-декабрда министр Алымкадыр Бейшеналиев таанышты.
Жыл соңундагы бул маалымат бир гана жергиликтүү жашоочулардын тейлөөсүнө эмес, жалпы шаар тургундары үчүн да кубанарлык кеп. Анткени, бүгүн санариптештирүү жана электрондоштуруу шарттары аркылуу дарыгерге кайрылуу, убакытты үнөмдөө, тиешелүү адистин кеңешине эгедер болууга оңой. Мындай шарттар Ош шаардык үй-бүлөлүк медицина борборунун шаардагы бардык филиалдарында түзүлүп, өз нугунда иш алып бараткан учуру. Ош шаардык ҮМБ дайыма эл кызматында.