Кытайлык компания Бишкек шаарына таштанды ташуучу эки унаа тапшырды

Хунань айлана-чөйрөнү коргоо боюнча "Хунань цзюнсин" компаниясы Бишкек шаарына эки таштанды ташуучу унааны гранттык негизде өткөрүп берди. Бул тууралуу мэриянын басма басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, атайын техника Бишкекке жакын арада келет. Буга чейин Бишкек шаарынын мэриясы жана "Хунань цзюнсин" компаниясы кызматташтык тууралуу алкактык келишимге кол коюшкан.

Шаарыдын администорациясы белгилегендей, учурда катуу тиричилик калдыктарын утилдештирүү заводун куруунун долбоордук-сметалык документтерин иштеп чыгуу боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө.