Евробиримдик Кыргызстандын санарип тармагына €3 млн бөлүп берди

​​2024-жылдын 8-январында Европа биримдиги министрлер кабинетине Кыргызстандагы санариптик трансформация тармагындагы бюджетти колдоо үчүн €3 млн которду. Бул тууралуу уюмдун КРдагы өкүлчүлүгү бтлдирди.

Аталган гранттык каражаттар Жогорку технологиялар паркындагы санариптик компетенциялардын инновациялык борборунун ишине көмөк көрсөтүүгө жумшалат. Жеке маалыматтарды коргоо боюнча атайын түзүлгөн мамлекеттик агенттик аркылуу жеке маалыматтарды коргоону камсыз кылууга да багытталат.

Аны менен бирге калкка электрондук кызматтарды көрсөтүү үчүн өлкөнүн бардык аймактарында "Санарип аймак" системасын жайылтуу жана өлкөнүн киберкоопсуздугун жогорулатууга да каражат керектелет.

Ошондой элее бул чөйрөдөгү бюджеттик колдоо программалык камсыздоону иштеп чыгууга жана тармактык министрликтерде маалымат базаларын жүргүзүүгө жана бүтүндөй өлкө боюнча санариптик экономиканы өнүктүрүүгө багытталат.

Мындан сырткары бюджеттик колдоо электрондук башкарууну, ачык-айкындуулукту жана отчеттуулукту өнүктүрүү үчүн Евробиримдигине мүчө мамлекеттердин жардамы менен мамлекеттик органдар үчүн окутуу программалары менен коштолот.