Жалал-Абад облусундагы шаарларынын суу секторунун туруктуулугун жогорулатуу боюнча мыйзам кабыл алынды

Кезектеги Жогорку Кеңештин жыйынында  Кадамжай, Таш-Көмүр, Көк-Жаңгак жана Айдаркен шаарларынын суу секторунун туруктуулугун жогорулатуу боюнча мыйзам кабыл алынды. Бул тууралуу парламент билдирди.

Такталгандай, депутаттар “2023-жылдын 16-майында Самарканд шаарында кол коюлган КР менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “КРнын суу секторунун туруктуулугун жогорулатуу программасы – Кадамжай, Таш-Көмүр, Көк-Жаңгак жана Айдаркен шаарларынын чакан долбоорлору” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана 2023-жылдын 16-майында Самарканд шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кыргыз Республикасынын суу секторунун туруктуулугун жогорулатуу программасы – Кадамжай, Таш-Көмүр, Көк-Жаңгак жана Айдаркен шаарларынын чакан долбоорлору” долбоору боюнча берилүүчү Акционерлердин атайын фондунан инвестициялык грант тууралуу гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзам  долбоору  үчүнчү окууда каралды.

Демилгечи – министрлер кабинетинин төрагасы.

Талкуу учурунда депутат Балбак Түлөбаев сырттан алынган насыялар тууралуу элге так маалымат жеткирүү боюнча сунушун айтты.

“Коомчулукта тышкы карыздар боюнча эки ача пикирлер бар. Алынган каражаттардын кайсыл багыттарга жумшалып жатканын, алардын кандай шартта берилгенин элге туура жеткирүү кажет”, - деди эл өкүлү.