> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өкмөт сафлор майын өндүрүүгө кызыкдар болгон дыйкандарга колдоо көрсөтөт
- URL: https://im.kg/granttar-kreditter/2024/01/22/okmot-saflor-maiyn-onduruugho-kyzykdar-bolghon-dyikandargha-koldoo-korsotot/
- Published: 2024-01-22T11:20:36.000Z
- Updated: 2024-01-22T11:20:35.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Гранттар жана кредиттер, #Import 2025-07-22 12:57

**Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги "Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк" фонду тарабынан “Сафлордон өсүмдүк майын өндүрүү” боюнча типтүү бизнес план иштелип чыкканын билдирет.**

Мекеме белгилегендей, бул бизнес-план сафлор уругунан тамак-ашка жарамдуу өсүмдүк майын өндүрүү боюнча мини-заводду же цехти курууну камтыйт. Бизнес план боюнча сафлор майын өндүрүү цехтин курулушу 8-16 миң долларды талап кылат. Министрлик Фонд менен биргеликте мындай цехти ачууга кызыктар болгон ишкерлерге жана дыйкандарга техникалык колдоо көрсөтөт.

Толук маалымат алуу үчүн 0557557529 (Назгүл Каарбаева) номуруна кайрылса болот.