Өкмөт сафлор майын өндүрүүгө кызыкдар болгон дыйкандарга колдоо көрсөтөт

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги "Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк" фонду тарабынан “Сафлордон өсүмдүк майын өндүрүү” боюнча типтүү бизнес план иштелип чыкканын билдирет.

Мекеме белгилегендей, бул бизнес-план сафлор уругунан тамак-ашка жарамдуу өсүмдүк майын өндүрүү боюнча мини-заводду же цехти курууну камтыйт. Бизнес план боюнча сафлор майын өндүрүү цехтин курулушу 8-16 миң долларды талап кылат. Министрлик Фонд менен биргеликте мындай цехти ачууга кызыктар болгон ишкерлерге жана дыйкандарга техникалык колдоо көрсөтөт.

Толук маалымат алуу үчүн 0557557529 (Назгүл Каарбаева) номуруна кайрылса болот.