Экономика министрлиги Индиянын гранттык жардамын алдыга жылдыруу маселесин көтөрдү

2024-жылдын 22-январында экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен Индиянын КРдагы элчиси Арун Кумар Чаттерджи мырзанын жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу министрлик билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулап, товар жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө жана соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Индиянын гранттык жардам көрсөтүү боюнча министрлер кабинети менен Индиянын өкмөтүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө протоколго кол коюлду.

Бул документ КРна социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө багытталган Индиянын гранттык жардамы аркылуу биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүгө көмөктөшөт.

Гранттык долбоорлор билим берүү, саламаттыкты сактоо, санариптештирүү жана айыл чарба сыяктуу тармактарга багытталышы пландалууда.

Индия тарап эки тараптуу мамилелердин деңгээлин жогору баалап, Кыргызстанда тиешелүү тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даярдыгын билдирди.