Кыргызcтан менен Дүйнөлүк банк энергетика жана кызматташуу жаатында эки макулдашууга кол коюшту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча аймактык директору Татьяна Проскурякова, Дүйнөлүк банктын КРдагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Навид Хассан Накви менен жолукту. Бул тууралуу минкаб билдирди. 

Жолугушууда тараптар энергетика жана суу ресурстары тармагындагы кызматташтыкты жогорулатуу, ошондой эле Дүйнөлүк банк тобунун Аткаруучу директорлорунун Кыргыз Республикасына боло турган сапары тууралуу кенен талкуу жүргүздү. 

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргызстан менен Дүйнөлүк банк тобунун ортосунда “КРда Дүйнөлүк банк тобунун өкүлчүлүктөрүн түзүү жана ишмердүүлүгү” жана “Кыргызстанда энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү долбоорун каржылоонун – 1-фазасы” жөнүндөгү макулдашууларга кол коюлду.  

Жогорудагы макулдашуулардын жыйынтыгы эки тараптуу кызматташуунун мындан ары дагы тереңдешине жана бекемделишине түрткү берет.  

Белгилей кетсек, энергетика тармагында Дүйнөлүк банк тарабынан колдоолор болуп келген, маселен Камбар-Ата-1 ГЭСинин техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо боюнча долбоорду каржылоого макулдук берген.